Ысык-Көлдү тазалоонун 142-күнү: 13,5 тоннадан ашык таштанды чыгарылды  

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ)  караштуу суучулдар борборунун суучулдары тарабынан cентябрь айынын алгачкы күндөрү, тазалоо башталгандан берки 142-күнү Ысык-Көлдүн 215 108, 35 гектар аянты тазаланып, 13 тонна 561 кг ар кандай таштанды жана 98 450 метр балык уулоочу торлор чыгарылган.

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Сентябрь айынын алгачкы күндөрү Ысык-Көл районунун Чок-Тал, Тамчы, Кош-Көл айылдарында жайгашкан «Кооператор», “Учкун» мейманканасы, «Артек”, “Алтын-Тамчы”, “Жемчужина”, “Акылман», «Байсан”, “Голубая-Бухта” пансионаттарынын жана эс алуу жайларынын тушундагы көл түбүн тазалашты.

Өөгөчө кырдаалда министрлиги Ысык-Көлдү балык улоочу тордон жана таштандыдан тазалоону 12-мартта баштаган.

Сүрөт: ӨКМ.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты