Ысык-Көлдө шамал айдап кеткен катамарандагы төрт жаран куткарылды
- 3 месяца мурун
- Видео
24-августта Бактуу-Долоноту айылындагы эс алуучу жайда шамалдан улам болгон толкун төрт киши бар катамаранды алып кеткен. Ысык-Көл райондук №31 куткаруу бөлүмүнөн төрт куткаруучу моторлуу кайык менен барып, эс алуучуларды аман-эсен куткарып калышты.
Бул тууралуу өзгөчө кыраалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.
Эс алуучулардын абалы жакшы экени белгиленди.
Сүрөт: ӨКМ видео тасмасынан
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




