Ысык-Көлдө сел жүрүп, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу жабылды
- 12 месяцев мурун
Бүгүн, 31-июль күнү эртең менен саат 06:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айылында сел жүрдү.
Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автожолунун 154-чакырымында орнотулган бетон шакекчелерди жуулуп кетип, жараксыз абалга келип, жол убактылуу жабылды. Жерине атайын техникалар жана ыкчам топ тартылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, селден улам айрым турак үйлөрдү суу каптаганы кабарланды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




