Ысык-Көлдө өрттөн үч жаш бала көз жумду

  • 2 года мурун

29-декабрда саат 15:15терде Ак-Суу районунун Каракол айылынын Имаш көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ал жакка Ак-Суу райондук өрттөн куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Саат  22:33тө өрт өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен үч жаш бала ( 2 жаштагы кыздар жана беш жаштагы бала) көз жумган.

Болжол менен 105 ч.м. турак үй толук күйгөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн себеби такталууда.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты