Ысык-Көлдө президент биринчи мугалими Кеңешкан Шаменова менен жолугушту 

  • 1 месяц мурун

Ысык-Көлдө президент биринчи мугалими Кеңешкан Шаменова менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.

Буга чейин социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун башталгыч класстагы мугалими кайрылып, жеке жолугушууну суранган видеоролик тараган. 

Чай үстүндө баарлашууда Садыр Жапаров Кеңешкан Шаменова ага алгачкы жолу “А”тамгасын жазууну үйрөткөнүн ушул күнгө чейин унутпай турганын белгиледи. Ал ошол кезде балдар бала бакчада даярдыктан өтпөй, мектепке түз эле жети жашында барышканын айтып берди. 

Кеңешкан Шаменова Садыр Жапаров бала кезинде эле дептерине “Эл үчүн иштейм” деп жазганын эске салды. 

Жолугушуунун соңунда алгачкы мугалими Шаменова президент Садыр Жапаровго батасын берип, кыргыз элине биримдик, тынчтык жана өнүгүүнү тилек кылды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты