Ысык-Көлдө парашют менен каруселге илинип калган эки кишини куткарышты  

  • 1 год мурун

14-июлда Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылындагы пансионаттардын биринде каруселге илинип калган эки кишини куткаруучулар куткарды.  

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

24 жаштагы  Ж.А. жана дагы бир аты-жөнү такталып жаткан киши парашют менен бара жатып, каруселге илинип калган.

Куткарууга Ысык-Көл районунан төрт куткаруучу тартылып, жогоруда аталган адамдарды жергиликтүү тургундар менен бирге аман-эсен түшүрүшкөн.

Аталган жарандардын ден-соолугуна зыян алып келген эместиги айтылды.

Ысык-Көлдө парашют менен каруселге илинип калган эки кишини куткарышты  

Сүрөттөр: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты