Ысык-Көлдүн түбүнөн 98 миң метр балык улоочу тор, 13 тоннага жакын таштанды чыгарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) суучулдары Ысык-Көлдү тазалоону улантууда.

ӨКМдин маалыматына ылайык, азыркы тапта Ысык-Көл облусунун Кара-Ой, Чок-Тал айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда.

12-мартта башталган масштабдуу иш-чарада 26-августта (жалпысынан 133 күндүн ичинде) Ысык-Көлдүн 215 миң гектардан ашык аянты тазаланып, көл түбүнөн 98 миң метр балык уулоочу тор, 12 тонна 800 кг таштанды чыгарылды.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты