Ысык-Көлдүн Шапак айылында чөп өрттөндү  

  • 1 год мурун

23-октябрда саат 17:00 чамасында Ак-Суу району­нун Шапак айылынын Бейшемби көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн коросунда чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жерине Ак-Суу районунун №39 өрткө каршы кутка­руу бөлүмүнөн бир бө­лүм тартылган. Өрт саат 17:35 де чектөөгө ал­ынып, саат 23:07де тол­ук өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен 1500 түк чөп, 300 түк саман, 50 айырмач, 34 темир шифер өрттөнүп, сарайдын 150метр чарчы аянты күйгөн. Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Учурда өр­ттүн келип чыгуу себе­би такталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты