Ысык-Көлдүн айылдарын да суу каптады

  • 4 недели мурун

Ысык-Көл облусунун Түп районунда күн ысып, кар эрип, Карасаев айыл аймагынын Токтоян айылында “Калмак арык” каналынан суу ашып, турак үйлөрдүн короолорун каптаган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Ошондой эле Түп районундагы Казакстан чектешкен жерде «Каркыра» көзөмөл пунктун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жеринде Түп районунун администрациясы жана “Чайна-Роуд” жол тейлөө ишканасынын техникалары тиешелүү иш-чараны жүргүзүшүүдө. Ал эми ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ барып, айыл аймактан жүктөгүч тартылды.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты