Ысык-Көлдүн айрым айылдарын суу каптады

Кечээ, 29-июлда, нөшөрлөгөн жаандан улам болжол менен саат 21:30 чамасында, Каракол капчыгайынын эки тилкесинде сел таш-шагыл аралаш жүрүп эки көпүрөнү жаап калган.

Ошондой эле кечээ Түп районунун Балбай, Күрмөнтү айылдарында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен, сел жүрүп турак үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду, эгин талааларды каптаган, жерге айыл өкмөтү тарабынан 3 техника тартылып, суунун нугун жаап беришти.

Ал жактарда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткандыгы кабарланды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты