Ысык-Көлдөн 188 күндө 22 миң кг ашык таштанды, 123 миңден ашык тор чыгарылды    

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары 23-октябрга караган түнү балыкчылардын торлорун чириген балыктары менен кошо Ысык-Көлдөн чыгарышты.

Алар буга чейин 21-октябрда көлдүн түбүн тазалоо иштерин жүргүзүп, балык кармоочу торлордон жана ар кандай таштандылардан арылтышкан. Тактап айтканда, тазалоонун 188-күнүндө көл аянтынын 12 988 гектарын тазалап, 2800 метр тор алып чыгышкан.

Ал эми тазалоо башталгандан тарта суучулдар Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян келтирчү 22 441 кг ар кандай таштанды жана 123 350 метр тор тазалашкан.

Суучулдар учурда Түп районунун Курмөнтү айылынан Чоң-Өрүктү айылдарына чейинки аралыктарды таштандылардан арылтышууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдү балык улоочу тордон жана таштандыдан тазалоону 12-мартта баштаган.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты