Ысык-Көлдө майыптыгы бар балдар арасында дүйнө чемпионаты өтөт

  • 2 года мурун

Ысык-Көл облусунда 3-сентябрдан 15-сентябрга чейин майыптыгы бар балдар арасында шашки боюнча дүйнөнүн 3-чемпионаты жана дүйнөнүн командалык 1-чемпионаты өтөт.
Маалыматты Кыргызстандын майыптыгы бар балдар арасындагы шахмат-шашки биримдигинин президенти Эркин Мукашев билдирди.
Анын айтымында,чемпионат эл аралык шашки комитетинин жетекчилиги алдында өтөт.
Биримдиктин президенти өнөктөштөрдү, демөөрчүлөрдү, досторду жана ЖМК өкүлдөрүн майыптыгы бар балдар арасында шашки боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүнү колдоого, майыптыгы бар балдар арасында спортту өнүктүрүүгө жана Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты