Ысык-Көлдө эс алуу учурунда жоголгон балдар аман-эсен табылды

  • 2 года мурун

Ысык-Кѳл облусундагы «Кыргызское взморье» эс алуучу жайда жоголгон 5 жаштагы кыздын ата-энеси милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылышкан.

Ошол замат ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын багыттагы полкунун кызматкерлери эс алуу жайынын айланасынан издешип, кечки саат 21:15 чамасында кызды таап аман-эсен ата-энесине ѳткѳрүп беришкен.
Ушундай эле кѳрүнүш «Көгүлтүр Ысык-Кѳл» эс алуу жайында да орун алган. Анда 10 жаштагы эгиз кыздар жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, милиция кызматкерлери табылган эгиз кыздарды туугандарына ѳткѳрүп беришкен.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты