Ысык-Көлдө экологиялык коопсуздукка багытталган семинар өттү

  • 12 месяцев мурун

Чолпон-Ата шаарындагы Орхус борбору туристтик сезондун алкагында пансионаттардагы саркынды сууларды тазалоо курулмаларын тейлеген кызматкерлер үчүн окутуу семинарын өткөрдү.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар саркынды сууларды тазалоо системаларын туура пайдалануу, тейлөө жана экологиялык талаптарга жооп берген заманбап ыкмаларды үйрөнүштү.

Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ысык-Көлдөгү аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле Тоң, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун жана Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларынын пансионат операторлору катышты.

Министрдин орун басары Аманкулов М.А. туризм тармагында экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда кадрлардын билимин жогорулатуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Семинардын соңунда уюштуруучулар катышуучуларга Ысык-Көл жээгиндеги экологияны коргоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты