Ысык- Көлдө «Ак-Мөөр Fest» этнофестивалы өтөт
- 3 года мурун
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен «Кыргыз Биримдиги» коомдук бирикмеси 22-23-24-июль күндөрү Ысык-Көлдө «Ак — Мөөр Fest – 2022 этнофестивалын өткөрөт.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Фестиваль Ысык-Көл облусунун Ѳрнөк айылындагы «Эдельвейс» эс алуу борборунда болот. Анда кыргыз айымдарынын бүгүнкү, эртеңки жана кечээги жашоо образдары чагылдырылат.
Муну бөлүшүү