Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында жер титиреди

  • 1 месяц мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 9-мартта, саат 05:21де жана 05:26да Кыргыз Республикасынын аймагында эки ирет күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер силкинүү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык, Ичке-Жергез, Кереге-Таш айылдарында 3,5 баллга, Боз-Учук айылында 3 баллга, Каракол шаарында 2,5 (Кайырма-Арык айылынан 4 чакырым түштүк чыгышта, Кереге-Таш айылынан 10 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 25 чакырым түштүктө) чейин сезилген.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Канжыга, Тараалча айылдарында 2,5 баллга (Канжыга айылынан 14 чакырым чыгышта, Тараалча айылынан 14 чакырым чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 60 чакырым түндүк чыгышта) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты