Ысык-Көл: Сел алып кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды

  • 1 месяц мурун

Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында сел агызып кеткен 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлагандай, 5-июнда саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен тоонун боору урап түшүп, сел суусуна кошулган ылай Балыкчы — Ананьево — Каракол автоунаа жолунун 92-чакырымын жана “Мерседес Спринтер”, “Форд Мондео” машинелерин, андагы эки адамды басып калган.

Издөө иштеринин натыйжасында 5-июнда саат 23:35те (У.Т. аттуу 2008-жылы туулган) 18 жаштагы эркектин сөөгү табылган.

Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иши күнү-түнү уланууда.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жалпы 159 адам, 39 техника тартылган.

Анын ичинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 87 куткаруучу, 19 техника тартылган.

Жеринде ӨКМдин суучулдары дайынсыз жоголгон жаранды моторлуу кайык, кеме менен көлдүн астынан да издөө-куткаруу жумушун жүргүзүүдө.

Ошондой эле куткаруучулар техника жана башка издөө ыкмалары менен тынымсыз жумуш жүргүзүп жатышат.

Мындан сырткары селдин кесепеттерин жоюуга Ысык-Көл райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 50 адам, 20 инженердик техника тартылган.

— ИИМден — 20 кызматкер, “Тез жардам” кызматынан — 2 медицина кызматкер иш алып барууда.

ӨКМдин жана Жарандык коргонуу кызматтарынын техникаларынын жардамында жалпы 198 каттам жүргүзүлүп, 2970м3 көлөмдөгү сел калдыктары чыгарылды.

Сүрөт: ӨКМ видео тамасынан скриншот

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты