Ысык-Көл районунда сел жүрүп, бир киши каза тапты

  • 1 месяц мурун

5-июнда саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Ысык-Көл районундагы Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымын таш аралаш ылай  эки унааны жана эки кишини басып калып, бир кишинин сөөгү табылды, экинчиси дайынсыз болууда.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жеке көзөмөлгө алууда. Куткаруу ишине жалпы 291 адам жана 20 техника тартылган:

Издөө иштеринин натыйжасында, 5-июнда, түнкү саат 23:35те У.Т. аттуу 2008-жылы туулган эркек кишинин сөөгү табылган. Ал эми экинчи адамды издөө иштери улантылууда.

Маалым болгондой, селдин кесепетинен жабылган Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолу 6-июнду караган түнү, саат 12:52 эки тараптуу ачылган. Учурда селдин калдыктарын тазалооо иши уланууда.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты