Ысык-Көл облусунун архитектура башкармалыгынын башчысы кармалды
- 1 неделя мурун
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы М.К. пара алууга шектелип кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
М.К. Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан жер тилкелеринин башкы планын текшерүүнүн алкагында кызмат абалынан пайдаланып, жергиликтүү тургунду пара берүүгө мажбурлаган.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси боюнча кылмыш-иш козголуп, 2025-жылдын 3-февралында, мурда алынган «параны» кайтарып берип жаткан жеринен М.К. кармалды.
Ал Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө иштери жүрүп жатканы белгиленди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы