Ысык-Көл облусунда жер титиреди
- 3 года мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 29-январда саат 01:56да Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Бул тууралуу өзчөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Таш-Короо, Кургак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү