Ысык-Көл облусунда жер титиреди
- 3 года мурун
Ысык-Көл облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 24-октябрда, саат 21:57де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз, Ырдык, Подгорное айылдарында 3 балл, Каракол шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар катталган жок.
Муну бөлүшүү