Ысык-Көл облусунда жер силкинди
- 1 год мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 28-августта, саат 15:37де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Таш-Короо, Эңилчек, Кургач айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү