Ысык-Көл облусунда төрт киши «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюм мүчөлүгүнөн баш тартты

  • 9 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Ысык-Көл облусунун “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлүгүнөн баш тартуусу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында,   тыюу салынган аталган диний-экстремисттик жактоочулары– Т.У.Т., С.С.Б., К.Т.К. жана Т.А.А. аттуу адамдар 13-июлда өзүлөрүнүн мурда тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартышты. Алар жарандарды бул диний-экстрмеисттик уюмдун  мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алдырбоого чакырышты.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты