Ысык-Көл капиталдык курулуш башкармалык экс-директору жана курулуш фирманын башкы директору  кармалды

  • 1 год мурун

Ысык-Көл облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы директору У.С. жана курулуш фирмасынын башкы директору Х.А.ны кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, Ысык-Көл облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 2016-жылы Ак-Суу районунун Советское айылында 150 орундуу спорт залы менен кошо мектеп курууга долбоордук наркы  59 млн сом болгон тендер жарыялагандыгы аныкталган.

«Сынактын жыйынтыгында Д.Л. курулуш компаниясы жеңүүчү деп табылып, келишимдин шарттарына ылайык, 2023-жылдын ноябрь айына чейин курулуш иштерин бүтүрүүгө милдеттенген. Бул максаттар үчүн курулуш компаниясы 48 млн сом алып (35,2 млн сом өздөштүрүлгөн) бүгүнкү күнгө чейин курулуш иштерин бүтүрө элек. У.С. кызмат абалынан кыянат пайдаланып, подряддык уюмдун директору Х.А. менен сүйлөшүп алып, подряддык уюмдун пайдасына 12,8 млн. сомдон ашык сумманы мыйзамсыз которгон. Учурда жогоруда аталган адамдар тергөө абагына киргизилди» деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты