Ысык-Көл ИИБ убактылуу кармоочу жайынын экс-башчысы кыйноого жана акча опузалоого шектелип кармалды  

Ысык-Көл  райондук ички иштер бөлүмүнүн (ИИБ) мурдагы башчысы Т.А. опузалап талап кылуу жана кыйноо фактысы боюнча шектелүүдө.

“Ысык-Көл райондук ИИБнын убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы Т.К.А. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, убактылуу кармоочу жайда ыңгайлуу шарттарды убада кылып, М.К.дан акча талап кылган. Аталган жаран опузаланган акчаны төлөөдөн баш тарткандан кийин, Т.К.А. жана башка ИИБ кызматкерлери ага күч колдонушкан. Бул окуя ачыкка чыккандан кийин, Т.К.А. ички иштер органындагы кызматынан өз ыктыяры менен кеткен” деп айтылат маалыматта.

Иликтөө иштеринин натыйжасында, Т.К.А. кармалып, Каракол  шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.Тергөө улантылууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты