Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан эки адам набыт болду

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Бишкек-Нарын-Торугарт» айланма унаа жолунун 51-чакырымында (Кең-Булуң айылы) «Ford Mondeo» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай бетон тосмону сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 1970-жылы туулган К.Т. жана 1970-жылы туулган К.Ж. каза болгон.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты