Ыш көйгөйү көтөрүлдү

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 5-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү өлкөдө орун алган көйгөйлөр боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Депутат Дастанбек Жумабеков ыш көйгөйү боюнча кандай иштер жасалып жаткандыгы боюнча суроо берди.

-2023-жылы 3-майда Жогорку Кеңеш токтом кабыл алган ыш маселеси тууралуу, ошол боюнча кандайдыр иш жүрдүбү?-деп сурады депутат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев мындай жооп берди:

-Ошол токтомдун алкагында биз жумушчу топ түзгөнбүз, мамлекеттик органдардан жана депутаттардан өкүлдөр арасына кирген. Азыр ошол курамды кайра жаңыртып, кайра сиздер менен иш алып барууга даярбыз. Бирок буга чейин үч жылдан бери бир топ олуттуу жумуштар жүргүзүлгөн. Жана айтып кеткен механизмдер жана андан тышкары сапатсыз көмүргө тыюу салуу, өндүрүлгөн көмүрдү тазалоо фабрикасын куруу ж.б. Мен ар жылы көрсөткүчтөр 10-20% өзгөрүп турганга шарт түзүлөт деп ойлойм,-деди Амангелдиев.

Депутат Жумабеков жооп канааттандырылбай калганын, ошол токтом менен иш алып баруу кеңешин берди. Андай иш жүрбөгөнүн, газдаштыруу жүрүшү керектигин билдирди.  

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты