Ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болду

  • 1 год мурун

Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Бишкек — Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан бир адам каза болуп, дагы бирөө ооруканага жеткирилди.

ИИМдин Жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаевдин айтымында, кырсык 10-ноябрда түнкү саат 22:35 чамасында болгон.

Анда «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасы батышты көздөй бара жатып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 27 жаштагы Т.Б. аттуу жаран жеринде каза болуп, унаанын айдоочусу 25 жаштагы киши ооруканага жаткырылган.

Ал эми «Спутник» маалымат агентиги көз жумган жаран ырчы Бекжан Темирхан экенин жазды. Маалыматка караганда, унаа 100 метр бийиктиктен Чүй суусуна кулап түшкөн.

Бекжан Темирхан 1995-жылы Аксы районунун Кызыл-Жар айылында туулган. Ал «Эзилип бүттүм», «Кантем», «Шекерим» жана башка ырлары менен коомчулукка таанылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты