Япония өкмөтү Кыргызстанга кайтарымсыз 5,3 млн доллар бөлүп берет

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин жана Япония өкмөтүнүн ортосундагы «Баткен облусунун жолдорун сала турган жабдууларды жакшыртуу» долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюу аземи финансы министрлигинде өттү.

Бул тууралуу финансы министрлиги билдирди.

Министрлер кабинетинин атынан финансы министри А.Бакетаев, Япония Өкмөтүнөн Япониянын элчиси Хидеки Года жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки катышты.

Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Япония өкмөтү 700,0 млн япон иени (5,3 миллион АКШ доллары) өлчөмүндө гранттык каражат бөлүүдө. 

Долбоордун негизги максаты – Баткен облусунун аймагында табигый кырсыктарга туруктуу жолдорду салуу жана Борбордук Азия чөлкөмүндө логистиканын коопсуздугун камсыз кылуу. 
Белгилей кетсек, долбоордун аткаруучу органы — транспорт жана коммуникациялар министрлиги.
 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты