Wildberries кеңсесиндеги атышуу боюнча 33 кишиге айып тагылды
- 2 недели мурун
Тергөөчүлөр Москванын борборундагы Wildberries кеңсесиндеги атышуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган 33 адамга, алардын арасында Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Владислав Бакальчуктун күйөөсүнө айып тагышты.
Владислав Бакальчук телеграмда учурда үйгө бошотулганын жазганын ЖМК билдирди.
Мурдараак Бакальчук 48 саатка камакка алынганы, бөгөт чарасы сотто каралары, ага адам өлтүрүү, тартип кызматкерлерине кол салуу, өзүм билемдик кылуу деген айыптар тагылганы кабарланган.
Интернетте соода жүргүзүүчү Wildberries ири компаниясынын Москвадагы кеңсесинде 18-сентябрда ок атылып, эки киши каза болгон, дагы он чакты киши жараат алган. Интернет-дүкөндүн негиздөөчүсү, Орусиядагы эң бай аялдардын бири катары белгилүү Татьяна Бакальчук Телеграмга билдирүү жарыялап, мурдагы күйөөсү Владиславды компанияны басып алууга аракет кылып жатат деп айыптаган.
Анын айтымында, Владислав Бакальчук кеңсеге куралчан топтун коштоосу менен кирүүгө аракет кылган. Ал эми күйөөсү сүйлөшүү үчүн барганын, бирок командасы менен бирге белгисиз бирөөлөрдүн чабуулуна кабылганын айткан.
«Свобода» радиосу жазгандай, атышуу Кремлден 350 метр аралыкта жайгашкан «Романов Двор» бизнес-борборунда болду, жабыркагандар арасында кавказдык эрежесиз күрөш мушкерлеринен кеминде үчөө бар. Алардын бири, «Агентство» басылмасынын маалыматына караганда, Чеченстандын тургуну жана бул республиканын башчысы Рамзан Кадыровдун «Ахмат» күрөш клубунун мүчөсү.
Орусиянын күч органдары менен байланышта экени айтылып жүргөн Mash Телеграм каналы жабыркагандардын арасында кесипкөй спортчулар Абубакар Местоев, Умар Чичаев жана оор салмактагы бокс боюнча Орусиянын жана орус армиясынын чемпиону Рашид Кодзоев бар экенин жазды.
Орусиядагы эң кирешелүү жана ийгиликтүү бизнестердин бири, Кыргызстанда да кулач жайган Wildberries соода аянтчасынын айланасында чоң жаңжал быйыл жайында тутанган. Анын негиздөөчүсү жана ээси Татьяна Бакальчук ажырашып жатканын айтса, күйөөсү Владислав Бакальчук компания рейдерликке туш болгонун жар салып, Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровго даттанган. Айрым иликтөөчү журналисттер бул окуяда бүдөмүк жагдайлар көп экенин, согуш маалында менчикти кайра бөлүштүрүү жүрүп жатканын да белгилешкен.
Каза болгон эки киши компаниянын күзөт кызматкерлери экени айтылууда.
Сүрөт: AFP