WhatsApp аркылуу алдап, шылуундарга  жардам берүү каналдарына бөгөт коюлду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинини (УКМК)  басма сөз кызматы кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 2003-жылы туулган А.У.А., 2004-жылы туулган К.А.У. жана 2006-жылы туулган Э.Э.нин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлгандыгын билдирди.

“Алар КР уюлдук операторлорунун сим-карталарын колдонуу менен мобилдик мессенжерлердин аккаунттарын массалык түрдө активдештиришкен. Андан кийин бул аккаунттар эл аралык «скамер» шылуундарына сатылып, КР жарандарынын акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алуу максатында «фишинг» манипуляциясын ишке ашырышкан. Натыйжада миңге жакын мобилдик мессенжер аккаунту активдештирилип, эл аралык алдамчыларга өтүп кеткен” деп айтылат маалыматта.

“Өз кезегинде эл аралык алдамчылар Кыргызстандын чегинен тышкары, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн биринде жүргөндө алган аккаунттарын пайдаланып, жарандар менен мобилдик мессенжер аркылуу байланышкан. Жарандарга психологиялык таасир көрсөтүү максатында өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле Улуттук банктын, министрликтердин, мекемелердин жана башка мамлекеттик уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери катары көрсөтүшкөн. Алар ар кандай шылтоолор менен жарандарга, алардын эмгек ишмердүүлүгү, мүлкү жана электрондук капчыктары боюнча текшерүү жүрүп жатканын айтышкан. Натыйжада жарандар алданып, өздөрүнүн акча каражаттарын, анын ичинде мүлктөрүн алдамчылардын пайдасына өткөрүп беришип, мындай көрүнүш коомчулуктун нааразычылыгын жараткан”.

Аталган  кылмыш тобунун мүчөлөрү А.У.А., К.А.У. жана Э.Э. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынганы белгиленди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты