«Восточный» космодромунда Путин менен Ким Чен Ын жолукту

  • 8 месяцев мурун

Амур облусундагы «Восточный» космодромунда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндук Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу башталды.

Путин космодромго Приморьедеги Чыгыш экономикалык форумунан кийин учуп барды. Орусияга чопкутталган поезди менен келген Ким Чен Ынды Путин жеке өзү тосуп алды.

Жолугушуунун алдында Путин менен Ким «Ангара» ракета алып жүрүүчүсүн чогултуу иштери менен таанышышты.

Ким Чен Ын ракеталык техникага жана космоско кызыгаарын айткан Путин дал ушул себептен улам жолугушуу «Восточный» космодромунда өтөрүн билдирди.

The New York Times гезитинин маалыматына караганда, Ким Путинден космикалык тармак үчүн технологияларды жана жардам катары азык-түлүк алууну пландоодо.

Батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтары билдиргендей, Орусия Украинадагы согуш үчүн Түндүк Кореядан ок-дарыларды жана снаряддарды алууну көздөп жатат.

Бүгүн Түндүк Корея эки баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрүп, алар Жапония экономикалык аймагына жакын жерге түштү.

Сүрөт: Владимир Путин менен Ким Чен Ын. 13-сентябрь 2023-жыл. AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты