Владимир Путин 15-октябрда Бишкекке келет

  • 7 месяцев мурун

Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга 15-октябрда келет. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сапар тууралуу маалыматты ырастады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Путин Беларус президенти Александр Лукашенко менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Мурдараак Беларустун президенти Александр Лукашенко дүйшөмбү күнү Путин менен телефондо сүйлөшкөнүн, 15-октябрда ал Кыргызстанда Путин менен жолугушууну пландап жатаканын кабарлаган.

«Биз президенттин мындай сапары пландалып жатканын жана ал жерде жолугушуу пландалганын тастыктай алабыз» деди Песков.

Путин Кыргызстанга келери май айында эле белгилүү болгон. Анда аны президент Садыр Жапаров чакырган. Бирок сапардын датасы белгисиз болгон.

Октябрь айынын ортосунда Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты