Венгрия тышкы экономикалык байланыш жана тышкы иштер министри Петер Сийярто «Достук» ордени менен сыйланды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-майда, өлкөгө расмий сапар менен келген Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртону кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстан менен Венгрия саясий диалогду активдүү колдоп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүшөт.

«Бизди кыргыз-венгр стратегиялык өнөктөштүгүнүн оң динамикасы кубандырат» деди ал. Кыргыз тарап быйыл Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын мамлекеттик сапарын күтүп жатканын ырастады.

Президент Жапаров Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртону «Достук» ордени менен сыйлады, анын кыргыз-венгер мамилелерин, стратегиялык өнөктөштүгүн жана достугун чыңдоого кошкон жеке салымын белгиледи.

«Биз буга Украинадан жүздөн ашуун жарандарыбызды эвакуациялоо учурунда дагы бир жолу ынандык»  деп белгиледи.

Өз кезегинде Петр Сийярто жылуу кабыл алгандыгы жана «Достук» ордени менен сыйланганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты