Венгрия президенти Каталин Новак мунапыс чырынан улам отставкага кетерин жарыялады

  • 3 месяца мурун

Венгриянын президенти Каталин Новак кызматтан кетерин жарыялады. Буга балдарга карата сексуалдык зомбулук көрсөткөнү үчүн соттолгон адамдын кечирилишине байланыштуу чыккан катуу жаңжал себеп болду.

Президент менен кошо юстиция министри Юдит Варга отставкага кетти. Ал Новакка мунапыс боюнча документтерге кол коюуну сунуштаган. Венгриянын президенти телекайрылуусунда «ката кетиргенин» мойнуна алды.

Венгрия – парламенттик республика, президент негизинен өкүлчүлүк милдеттерди гана аткарат. Талдоочулардын белгилешинче, бул чыр премьер-министр Виктор Орбандын башкаруучу партиясына сокку тийгизиши мүмкүн. Анткени Новак президент болуп шайланганга чейин “Фидес” партиясынын лидерлеринин бири болгон.

Былтыр апрель айында Новак Рим папасы Францисктин Венгрияга сапарына байланыштуу 22 адамга ырайым берген. Мунапыс алгандардын арасында Бичке шаарындагы балдар үйүнүн директорунун мурдагы орун басары да болгон. Балдар үйүнүн директору педофилия айыбы менен соттолуп, анын орун басары фактыны билип туруп, жашырып жүргөнү аныкталган. Ал 3,5 жылга түрмөгө кесилген.

«Азаттык» радиосунун венгер кызматы жазгандай, ага кечирим берилгени тууралуу маалымат дээрлик бир жылдан кийин кокустан ачыккан чыккан. Бул саясий жаңжал жараткан. Өткөн дүйшөмбү күнү парламенттин кезексиз жыйынында бардык оппозициялык партиялар Каталин Новактын кызматтан кетишин талап кылышкан. Жума күнү Будапештте бул талаптарды колдогон жапырт нааразылык болуп өткөн.

Ишемби күнү Юстиция министри президенттин чечими үчүн саясий жоопкерчилик аларын айтып, кызматтан кеткенин жарыялады.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты