Венадагы эл аралык уюмдардагы өкүл Шайлдабекова ишеним грамотасын тапшырды
- 2 недели мурун
26-июнда Кыргыз Республикасынын Вена шаарындагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Нуржан Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын БУУнун өнөр-жайды өнүктүрүү боюнча уюмундагы (ЮНИДО) туруктуу өкүлү катары ишеним грамоталарын ЮНИДОнун Башкы директору Герд Мюллерге тапшырды.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын учурдагы абалын жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.
Туруктуу өкүл Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы жакында кабыл алынганын маалымдады.
Өз кезегинде ЮНИДОнун башкы директору Герд Мюллер ЮНИДО менен Кыргыз Республикасынын ортосунда калыптанган активдүү кызматташууну жогору баалады. Ал Кыргыз Республикасы ЮНИДО 2025-2029-жылдарга карата өлкөлүк өнөктөштүк программасын (ПСП) ишке киргизе турган Борбордук Азиядагы алгачкы өлкө болуп саналганын белгиледи.
Сүрөт: ТИМ