Венада эл аралык энергетикалык инвестициялык форум өтүп жатат

  • 2 месяца мурун

Вена шаарында эл аралык энергетикалык инвестициялык форум башталды.  Талкуунун негизги темасы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору болмокчу.

Бул тууралуу Министрлер кабинети сайтында маалымат берди.

Анда айтылгандай, форум президент Садыр Жапаровдун видеокайрылуусу менен башталып, андан соң Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун куттуктоо сөзү менен коштолду. 

Энергетикалык форум Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан уюштурулган.  

Форумга 200дөн ашык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү жана жетекчилиги, Борбордук Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн делегациялары жана жеке инвесторлор катышууда.

Сүрөт: МинКаб

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты