Жогорку Кеңеш Энергетика министри дайындоого Алтынбек Рысбековдун талапкерлигине макулдук берди
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 11-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Алтынбек Рысбековдун талапкерлигине макулдук берүү маселеси каралды.
Талапкердин эмгек жолу тууралуу президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Эл өкүлдөрү сунушту колдоп, Алтынбек Рысбековду энергетика министри кылып дайындоого макулдук беришти.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Алтынбек Рысбеков энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Сүрөттө: Алтынбек Рысбеков. kenesh.kg
Муну бөлүшүү




