“Вефа” соода борборунан өрт чыкты
- 8 ай мурун
Бишкек шаарынын Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан «Вефа» соода борборунун аба желдеткичтеринен өрт чыкты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.
Саат 13:20да Октябрь районунан өрт өчүрүүчү машина барып, саат 14:13тө чектөөгө алынды. Болжол менен 20 чарчы метр аянт күйгөн .
Соода борборундагылар ӨКМ кызматкерлери тарабынан коопсуз жайга чыгарылды.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү