“Вефа” соода борборундагы бейбаштыкка шектүү төртөө кармалды

7-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына М.А., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, ошол күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Байтик-Баатыр көчөсүндө жайгашкан соода борборлорунун биринде белгисиз жаштар негизсиз денесине жаракат келтиргендигин билдирген.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.  

Аталган факт боюнча тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 280-(Бейбаштык) беренесине ылайык, кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2004-жылы туулган М.Р., 2004-жылы туулган И.К., 1992-жылы туулган Б.Б., жана 2001-жылы туулган А.А., аттуу шектүүлөр аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.

Алар кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек  шаардык ички иштер башшкы башкармалыгыгын (ИИББ) убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Тергөө иштери уланууда.

Буга чейин социалдык тармактарда соода борборунда белгисиз төртөө кол көтөргөндүгү тууралуу жазылып, видео тасма да тараган.

Сүрөт: Биринчи май РИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты