ИИМ вебкам-студия уюштурууга шектүү кармалганын кабарлады
- 1 месяц мурун
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына (ИИББ) интернет сайттар аркылуу жарнамалап, кыздарды жогорку акы төлөнүүчү онлайн-видео маек куруу кызматтарын көрсөтүүгө вебкам-студияларга жумушка чакырылып жатканы тууралуу маалымат 11-мартта түшкөн.
Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка тартуу) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаардык ИИББ кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган Т.А., аттуу шектүү кармалып, кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.
Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы