Валентина Шевченко UFC чемпиондугун Алекса Грассого алдырып койду

  • 1 год мурун

5-мартка караган түнү Лас-Вегас шаарында эң жеңил салмактагы категорияда кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассого чемпиондук титулун алдырып койду. Шевченко бардык раунддарда утуп келе жаткан. Акыркы раундда ал далысын тосуп берип, атаандашы аны жеңип алды.  

Валентина Шевченко 26 мелдеште 22 жолу жеңишке жетишкен. Алекса Грассо 19 мелдеште 16 ирет жеңишке ээ болгон.

Валентина Шевченко UFC чемпиондук титулун 8-ирет коргоп жаткан.

“Спорт деген ушундай. Бардык раунддарда утуп келе жатып, акыркысында копол утулуп калса болот. Кийинки мелдеште мындан да күчтүү болуп, башка жыйынтык берем деп ойлойм. Жеңиш үчүн акыркы күчүмө чейин машыгам. Биздин дивизион жанданат. Өзүмө чемпиондук титулду кайтарып алам. Токтоосуз реванш алууну каалайм. Бул мелдешти жеңишке жетет болчумун” деди Валентина Шевченко.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты