Шахмат боюнча дүйнөнүн чемпиону Борис Спасский каза тапты
- 2 месяца мурун
Шахмат боюнча дүйнөнүн 10-чемпиону, гроссмейстр Борис Спасский 88 жаш курагында дүйнөдөн өттү.
Бул тууралуу Россиянын шахмат федерациясы 27-февралда билдирди.
Борис Спасский 1969-жылы Москвада Тигран Петросянды жеңип алып, дүйнөнөн чемпиону болгон. 1972-жылы Спасский Рейкьявикте америкалык шахматчы Роберт Фишерге утулуп калган. Спасский 1961 жана 1973-жылы СССРдин эки жолку чемпиону болгон.
Спасский 1976-жылы Францияга эмиграцияга кеткен, ал эми 2012-жылы Россияга кайтып келип, жарандык алган.
Сүрөт: ТАСС
Муну бөлүшүү