«Вагнер» Африкага жөнөтүү үчүн жалданма аскерлерди топтой баштаганы айтылууда

  • 4 недели мурун

Февралдан тарта «Вагнер» жеке аскердик компаниясы жаңы командир Антон Елизаровдун жетекчилиги алдында Африка өлкөлөрүнө жөнөтүү үчүн жалданма аскерлерди жалдоону кайра баштады.

Акыркы бир айдын ичинде «Вагнер» расмий Телеграм каналына жумушка кабыл алуу жөнүндө жыйырмага жакын билдирүү жарыялады. «Верстка» басылмасы Nordsint долбоору менен бирге Африкага жөнөтүлүүчү жалданма аскерлерди жалдоо үчүн ким жооптуу экенин аныктады.

Бир жылга созулган тыныгуудан кийин «Вагнер» компаниясы Африкага жөнөтүлүүчү жалданма аскерлерди жалдоону кайра баштады. 2023-жылы март айында Украинадагы согушка катышуу үчүн жалданма топтордун түзүлгөндүгүнө байланыштуу мындай жалдоо токтотулган.

Азыр «Вагнер» менен байланышы бар каналдардагы жана чаттардагы билдирүүлөргө караганда, жеке аскер компаниясы Африканын батышындагы Мали өлкөсүндөгү операциялар үчүн жоочуларды чогултуп жатканы маалым болду. Февралдын ортосунда «Вагнер» менен байланышкан аккаунттар Малинин бийлигин ээлеп турган полковник Ассими Гоита компания менен келишимин узартканын жазышкан.

«Вёрстка» белгилегендей, жаңы жалданма жоочулардан чабуулчу отряддар түзүлөт. Дагы бир бөлүгү учкучсуз учактарды башкаруучу отряддарга жиберилет. Жалданма аскер топтоо Орусияда гана эмес, Беларуста да жүрүп жатканы кабарланды.

Маалыматтарга ылайык, «Вагнердин» катарына 22-50 жаштагы эркектер алынат, аларга алты айлык келишим, айына 240 миң рублден эмгек акы жана өмүрү камсыздандырылары убада кылынууда. Ушундай эле суммадагы айлык Украинадагы согушка тартылган «вагнерчилерге» да сунушталганын «Вёрстка» жазды.

Басылманын кабарчысы «вагнерчи» катары компаниянын кызматкери менен байланышкан учурда ал жалданмачылардын кийинки тобу апрелдин ортосунда жиберилерин билдирген. Дагы бир кызматкер жалданмачылар Украинага барууну каалабай калышканын, ал эми Африкага барууну каалагандар көп экенин айтып берген.

«Вагнер» менчик аскердик компаниясы 2022-жылы Украинада согуш башталганда жалданмачыларын ошол жакка жибере баштаган. Аларга фронтто алты ай согушкандан кийин ырайым берилип, мурдагы соттуулугу жоюлары жана «таза» бойдон эркиндикке чыгарылары убада кылынчу. Компаниянын башчысы Евгений Пригожин былтыр августта эң жакын кызматташтары менен учакта учуп баратып кырсыкка кабылып, шериктери менен каза болгон.

Сүрөт: EPA/EFE

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты