Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жарлыкка өзгөртүү киргизилди

  • 3 недели мурун

Садыр Жапаров  президенттин 2021-жылдын 15-июлундагы облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. 

Жарлык президенттин 2026-жылдын 10–15-апрелиндеги Ош облусуна жана Ош шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыктары боюнча тапшырмасын аткаруу максатында иштелип чыккан. 

Жарлыкка ылайык президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү калк менен милдеттүү жолугушууларды ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрөт. 

Аталган жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Иллюстрациялык сүрөт: president.kg  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты