USAIDдин Кыргызcтандагы жаңы директору ишке киришти

  • 2 года мурун

Кайя Адамс АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору катары ишке кирди. Анын расмий ант берүү аземи АКШ элчилигинде USAIDдин администратору Саманта Пауэрдин виртуалдык катышуусунда 27-апрелде өттү.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Адамс айым 2020-жылдан бери USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын биринчи туруктуу директору болуп калды.

Кайя Адамс USAID уюмунда 1999-жылдан бери иштейт. Ал буга чейин Казакстанда жайгашкан Борбор Азия регионалдык миссиясында, Африкада жана Жакынкы Чыгышта иштеген. Кыргыз Республикасындагы миссиянын директору болуп дайындалганга чейин ал Конгодогу өкүлчүлүктүн директорунун орун басары болуп иштеген.

Сиракуз университетинде эл аралык мамилелер боюнча магистр даражасына, ал эми Джорджтаун университетинде бакалавр даражасына ээ. Ал англис, француз, немис жана орустилдерин билет.

Акыркы он жылда Америка эли USAID аркылуу Кыргыз Республикасындагы өнүгүү программаларын колдоо үчүн 400 млн доллардан ашык каражат бөлгөн. Бул программалар бизнести өнүктүрүү, сооданы кеңейтүү, баштапкы билим берүүнү жакшыртуу, айыл чарбаны өнүктүрүү, көз карандысыз медианы чыңдоо, жергиликтүү өз алдынча башкарууну жакшыртуу, саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо жана COVID-19 менен күрөшүүдө жардам көрсөтүү сыяктуу тармактарды камтыйт.

Сүрөт: АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты