USAID Баткендин мөмө-жемиш өндүрүүчүлөрүнө ыңгайлуу баада экспорттоого көмөктөшөт

  • 2 года мурун
USAID Баткендин мөмө-жемиш өндүрүүчүлөрүнө ыңгайлуу баада экспорттоого көмөктөшөт

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Грин Экспорт КейДжи» фермердик чарбасына жаңы шок тоңдургуч жабдууларын берди. Жаңы жабдуулар «Грин Экспорт КейДжи» компаниясына күнүнө 20 тоннага чейин малинаны кайра иштетүүгө мүмкүндүк берет. Заматта тоңдуруу технологиясы малинаны узак мөөнөткө сактоого мүмкүндүк берип, малинаны коңшу өлкөлөргө экспорттоону көбөйтөт.   

Өндүрүш кубаттуулугу кеңейген «Грин Экспорт КейДжи» ишканасы Кадамжайда үй шартында малина өстүргөн 500дөн ашуун кожолук үчүн туруктуу кардарына айланды. Компания облуста өз ишин баштагандан бери 1 килограмм малинанын баасы орто эсеп менен 50 сомдон 200 сомго чейин көтөрүлүп, майда фермерлердин кирешесин бир топ жогорулатты.

«Сактоо шарттарын жакшыртуу жана жаңы рынокторду табуу Кыргыз Республикасында айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүүнүн негизги фактору болуп саналат. Бул малина сыяктуу аймактын уникалдуу продукциясына өзгөчө тиешелүү. Бул инвестициялар жаңы жумуш орундарын түзүп, жүздөгөн үй-бүлөлөргө пайда алып келгенин азыртадан эле көрүп жатабыз. Бул биздин түпкү максатыбыз», — деп USAID Кыргызстандгы директору Кайя Адамас билдирди.

4 млн сомдон ашык суммага мөмө-жемиштерди тоңдургуч жабдуулары USAIDдин «Агросоода» долбоорунун алкагында берилди. Бул шок-тоңдуруу технологиясы клетканын түзүлүшүн, бардык пайдалуу микроэлементтерди жана 85-90% витаминдерди сактап калууга мүмкүндүк берет.

«Малинаны өстүрүү жана сатуу боюнча сегиз жылдык, ал эми тоңдурулган азыктарды коңшу өлкөлөргө экспорттоо боюнча эки жылдык тажрыйбабыз бар. Азыр биз USAIDдин колдоосу менен өз ишмердүүлүгүбүздү кеңейтип, жергиликтүү фермерлер менен малинаны туура өстүрүү жана жыйноо боюнча түшүндүрүү иштерин улантууну көздөп жатабыз, бул сапаттын жана өндүрүштүн жакшырышына алып келет» дейт мекеменин жетекчиси Акторо Саттаров.

USAIDдин «Агросоода» долбоору Кыргызстандын айыл чарба ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана Өзбекстан менен соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу жаңы жумуш орундарын жана кирешелерди көбөйтүүгө багытталган.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты