Урматбек Шамырканов Өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду. Ага кылмыш иши козголду
- 1 месяц мурун
Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду. Канатбек Чыныбаев өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Ага чейин 16-февралда Бообек Ажикеев министрликтен бошотулуп, ордуна Урматбек Шамырканов министрлин милдетин аткаруучу болуп ал эми 19-февралда Урматбек Шамырканов министр болуп дайындалган. Урматбек Шамырканов пара боюнча кылмышка шектелип жаткандыгы маалым болду.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Урматбек Шамыркановдун кызматтан алынышы боюнча Фейсбук баракчасына мындай деп жазды:
«Кызматка дайындалганына бир ай боло электе эмнеге иштен кетирип жатышат? Бул жогорку кадрдык саясаттагы башаламандыктын белгисиби» дегендер болушу мүмкүн. Жаңы министрдин кетиришинин себеби — ал министрдин орун басары кызматында иштеп турганда пара алган деп шектелүүдө» деп жазды пресс-катчы.
Канатбек Чыныбаевдин өзгөчө кырдаалдар министрине талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Сүрөттө: Урматбек Шамырканов. kenesh.kg




