Парламент уран, торий казып алууга тыюу салуу мыйзамын жокко чыгаруу долбоорун биринчи окууда жактырды   

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 29-майда, Жогорку Кеңеште уран жана торий кендерин казып алууга тыюу салуу мыйзамын жокко чыгаруу мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоору боюнча парламентте жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев баяндама жасады.

Депутат Исхак Масалиев уран, торийди изилдөө маселесине тийиштүү экономикалык кандай натыйжа болорун билдирди.  

Чыңгыз Айдарбеков уран менен торийди кандай өндүрүшкө пайдаланануу максатына кызыкты.

Докладчы министр Тургунбаев максат – уран жана торий эмес, башка кендерди алуу деп билдирди. Ошол жерден алып чыгып, Кара-Балта комбинатында тазалана турганын жана башка мамлекетке алып чыгып кете турганын айтты. Ал жерде 4919 тонна уран запасы бар экени айтылды.

Арслан Малиев Ысык-Көлгө зыяны тиеби же тийбейби деген суроо берди. “Докладчы зыяны болбойт, коопсуздук толугу менен сакталат” деп жооп узатты.   

Исхак Масалиев «алдын ала талкуулап адистерден сурап көрбөйлүбү,  иштетпей кое туралы» деген сунушун келтирди. Так, туура сүйлөп, элге туура түшүндүрүү керек экенин кошумчалады.

Добуш берүүдө уран, торийге тыюу салууну жокко чыгарган мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен биринчи окууда жактырылды. Мыйзам долбооруна 69 депутат макул болуп, үч депутат каршы чыкты. Каршы чыккандар: Сеид Атамбаев, Дастан Бекешев, Исхак Масалиев.

Парламент уран, торий казып алууга тыюу салуу мыйзамын жокко чыгаруу долбоорун биринчи окууда жактырды   
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты