Университет мыктыларына президенттин стипендиясы тапшырылды

  • 2 месяца мурун

16-декабрда президент Садыр Жапаров жогорку окуу жайлардан мыкты деп табылган 90 студентке президенттик стипендия тапшырды.

Иш-чара Ынтымак Ордодо өттү. Өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 90 студенттин ар бирине артыкчылык сертификаты жана 60 миң сомдон акчалай стипендия тапшырылды.

Өлкө башчысы иш-чарада сөз сүйлөп, улуттук иденттүүлүктү сактоодо жаштардын жоопкерчилиги чоң экенин белгиледи.

“Биз силердин билимиңерди баалоо менен өлкөбүздүн келечегине инвестиция кылып жатабыз деп эсептейбиз. Мамлекет өз өлкөсүнө берилген, өз тарыхын аздектеген жана элибиздин руханий баалуулуктарын сактаган жаштарды ар дайым колдойт. Мен билимге болгон каалоосу күч, өз көз карашы бар, дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө умтулган, ар-намыстуу, мекенчил жаштардан көптү күтөм”, — деди мамлекет башчысы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты